Китеп дүйнөсүнө жол көрсөткөн китепканачылар – Санарип доорунда китепкананын ролу кандай өзгөрүүдө?

Sputnik
Китепканачы китепти алып берип кайра ордуна коюп койгон гана адам эмес. Ал билим сакчысы, ичине чексиз илимди каткан китеп дүйнөсүнө жол көрсөткүчтөр. Аларды бир эле учурда илимпоз, педагог атаса да болот. Бул кесиптин өзгөчөлүгү, күйүтү менен сүйүнүчү тууралуу көп жылдан бери китепканачы болуп иштеп келе жаткан адам менен маектештик.
Студиябызда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкананын улуттук библиография бөлүмүнүн башчысы Азаткүл Жунусова конокто болду. Ал санарип доорунда китепканалардын ролу кандай өзгөрүп жатканы тууралуу айтып берди.