Өкмөт ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди — кантип ишке ашат?

Sputnik
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ушул жылдын тогуз айында 214 турак жайга 38 млн сомго чыгым төлөп берди. Учурда Ысык-Көл облусунда болгон селден жабыркагандардын чыгымдары эсептелип жатат. Муну эске алуу менен бул жылы болжол менен 100 млндон ашык төлөм жүргүзүүлөрү күтүлүүдө. Жыл сайын глобалдык жылуулукка байланыштуу табигый кырсыктардын саны көбөйө берет. Мындан улам Министрлдер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тиешелүү органдарга ушул жылдын аягына чейин бардык турак үйлөрдү камсыздандыруу тапшырмасын берди. Милдеттенме шаардын мэрлери, райондун акимдери менен биргеликте жүргүзүлөт. Ар аймакта аталган уюмдун инспекторлору иштейт. Алардын алдында айылдарда агенттер жумуш алып барат. Алар жергиликтүү эл менен тыгыз байланышта жумуш алып барат.
Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Бишкек, Чүй филиалынын директору Канатбек Музуралиев айтып берди.