Кыргызстанда таштанды чогултууга канча жана эмне үчүн акы төлөө сунушталууда?

Sputnik
Импортчулар жана өндүрүшчүлөр товар колдонулгандан кийин кайра иштетүү үчүн акы төлөшү зарыл экени тууралуу токтомдун долбоорун Жаратылыш рестары министрлиги даярдап коомдук талкууга койду. Демек товар колдонуудан чыккандан кийин аны кайра иштетүү үчүн акы төлөп, бирок бул салык болуп эсептелбейт.
Элвира Токтоболотова бул долбоор экологияны таштандыдан арылтуу жана кайра иштетүү ишканаларынын ишин жандантуу максатында болуп жатканын айтты. Ал эми экономика министрлигинин маалыматына караганда өлкөдө ар кандай категориядагы товардын калдыктарын кайра иштетүү тармагы өнүгүүдө жана экспортко да жөнөтүлүп жатат.