Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Sputnik
Ташиев Жалал-Абадга курулчу аэропорт Ферганадагы эң ири аба майданы болорун билдирдиИран БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырдыСадыр Жапаров: айдоочулук күбөлүк сатууну кан буугандай токтотуу керектигин айттыалдыда кененирээкАзыркы убакта 30 жылдан бери айдоочулук күбөлүк сатып алгандар жашап жатабыз. Айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек, ошондо да 50-60 жылдан кийин араң күбөлүк сатып алгандардан тазаланабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде айтты. Өлкө башчы өткөн жумада кармалган "Унаа" мекемесинин жетекчиси боюнча интервью берип, айдоочулук күбөлүктүн сатылышы боюнча маселеге токтолгон. "Былтыркы жылы өлкө боюнча дээрлик жети миңдей жол кырсыгы катталып, 783 адам каза болду. Согушта да мындай болбойт! Он миңден ашык адам жабыркаган, бир нече миңи майып болуп калды. Аларды өкмөт жөлөк пул берип багып жатат. Эгер мындан ары деле айдоочулук күбөлүк сатыла берсе, анда бул сандар өсө берет. Ошондуктан айдоочулук күбөлүктү сатууну кан буугандай токтотушубуз керек", — деди мамлекет жетекчиси. Жапаров азыр мындай терс көрүнүш токтобосо, 100 жылдан кийин да күбөлүк сатып алып, машина айдап жүргөндөрдөн тазалануу кыйн болорун белгиледи.
Жаз айлары менен Жалал-Абаддын Сузак районунда аэропорттун курулушу башталып, ал жалпы Фергана өрөөнүндөгү эң ири аба майданы болот. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жергиликтүү каналдардын бирине маек куруп жатып билдирди.Ал кечээ россиялык жана түркиялык инвесторлор менен чогуу аймакка барган. Аэропорт 360 гектар жерге курулуп, учуп-конуу тилкеси төрт чакырымды түзөт. "Аэропорттон Ысык-Көлгө чейин Түндүк — Түштүк альтернативдүү жолу менен төрт саатта жетсе болот. Бул жер өлкөнү түштүк аймактарын эле эмес, Нарын, Ысык-Көл региондорун да тейлейт. Инвестициянын көлөмү 400 миллион доллардан ашты. Жакынкы күндөрү өкмөт менен инвесторлордун ортосундагы келишимге кол коюлат. Анын негизинде долбоор жасалып, курулуш иштер жазында башталат. Аэропортту эки жылда куруп бүтүү пландалган", — деди Ташиев. Баса, Нарындагы аэропорт да капиталдык ремонттон өтүп, жакында ишке берилери айтылган.
Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу Ирандын туруктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып РИА Новости жазды. Маалыматка ылайык, мындай сунуш Израилдин Ливанга кол салуусуна байланыштуу жасалган. "Иран бул агрессивдүү аракеттерди катуу айыптайт. Аймактык жана эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерин эске алуу менен Иран Коопсуздук кеңешин Израилдин аракеттерин айыптоого чакырат. Мындан тышкары, Иран Израилдин террордук агрессиясын жана Ливан, ошондой эле жалпы аймактагы мыкаачылыгын кароо үчүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырат", — деп жазылган маалыматта. Дүйшөмбүдө Израиль аскерлери Ливандагы операциясын баштап, еврей өлкөсүнүн аба күчтөрү Ливандын бардык аймагында сокку урууда. Бейруттагы аба соккуларынан "Хезболла" уюмунун лидери Хасан Насрулла өлтүрүлдү. Израиль армиясы аталган уюмдун миңдеген объектилерине сокку урганын кабарлады. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери "Хезболла" кыймылына мынчалык катуу чабуул жасалбаганын белгилешүүдө.