"Бизнести коргоо" тиркемеси ишкерлерди мыйзамсыз текшерүүлөрдөн кантип коргоп жатат?

Sputnik
Учурда ишкерлерди колдоо жана алардын ишине болгон тоскоолдуктарды азайтуу жаатында активдүү аракеттер көрүлүп келет. Алардын арасында ишкердикке тоскоолдук жараткан кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөтүү демилегеси бар, салыктан бошотуу өңдүү жеңилдиктер каралган. Муну менен катар, өлкөдөгү бизнести, ишкерлерди мыйзамсыз аракеттерден коргоо, мыйзамсыз текшерүүлөрдөн калкалоо максатында Башкы прокуратурада Ишкерлердин укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгы түзүлүп иш алып барып келет. Дал ушул башкармалыктын ишмердүүлүгү жана ишкерлерди коргоонун кыйынчылыктары-өксүктөрү, ийгиликтери-жетишкендиктери тууралуу кеп кылдык. Ошондой эле "Бизнести коргоо" тиркемесинин ишкерлерге кандай пайда алып келип жатканы тууралуу дагы маектештик.
Студияда конокто Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору Урмат Калиев жана Башкы прокуратуранын Ишкерлердин укуктары чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору Улан Джумадилов болду.