БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Шейшембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда +21...+26, Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +22...+27, Ысык-Көл жергесинде +16...+21, Нарында +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада күндүн табы +23...+25, Ош шаарында +24...+26 градуска чейин көтөрүлөт.