1,2 миллиард сомго бааланган кени бар жер мамлекетке кайтарылды

Менчикке өтүп кеткен жер тилкесинде сымаптын кени бар экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ноокат районунда (Ош облусу) 1,2 миллиард сомдук пайдалуу кен байлыгы бар жер мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан билдиришти.
"Ноокат райадминистрациясынын 1998-жылдагы токтомунун негизинде Найман айылдык аймагында (учурда Көк-Жар) жайгашкан Улуу-Тоо кенине караштуу жер пайдалуу кен байлыктары (сымап) менен бирге менчикти мамлекеттен ажыратуу жана менчиктештирүү жөнүндө мыйзамдарын бузуу менен "Р.У.Т." ЖАКтын менчигине өткөрүлүп берилгендиги аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокурордук актынын негизинде пайдалуу кен байлыктарды камтыган 381,74 гектар жер 1 миллиард 246 миллион 560 миң сомго бааланып, мамлекеттин балансына алынган.
УКМК: Таластагы кенди иштетүүгө мыйзамсыз лицензия берген аткаминер кармалды