Батышта Украина Евробиримдикти кыйратуучу фактор экени айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Украинаны каржылык колдоо Европа биримдигинин кыйрашынын негизги фактору болот. Бул тууралуу ирландиялык журналист Чей Боуз X социалдык тармагына жазганын РИА Новости билдирди.

"Евробиримдиктин экономикалык жана саясий күч катары жашоого жөндөмдүүлүгүнүн кыйрашынын негизги фактору — бул биримдикке мүчө болбогон жана болбой турган өлкө. Чындыгында бул өкүнүчтүү чындык, ЕБ эч качан мүчөлөрүнүн жыргалчылыгына кам көрбөгөнүн көрсөтүп турат", — деп жазган ал.

Боуздун айтымында, ЕБ өз аракети менен болгону НАТОнун саясий "колунун" уландысы экенин бүтүндөй дүйнөгө көрсөтүп жатат.
Евробиримдиктин 14-декабрдагы саммитинде Украина менен Молдованын Евробиримдикке мүчө кылып кабыл алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо чечими кабыл алынган. 2022-жылы июнда Евробиримдик Украина менен Молдовага уюмга кирүүгө талапкер өлкө статусун берип, кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү расмий баштоо үчүн бир нече катаал шарт койгон. Бул Киев менен Кишиневду Москва менен тирешүүдө колдоо үчүн символикалуу кадам болгонун ЕБ мойнуна алган.
Талапкер өлкөнүн макамы, ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн башталышы өлкө Евробиримдикке кошулат дегенди билдирбейт, ошондой эле Брюсселди эч нерсеге милдеттендирбейт. Талапкер статусун алуу — Евробиримдикке кирүүгө карай узак жолдун башталышы. Маселен, Түркия 1999-жылдан бери талапкер статусунда, 2005-жылдан бери Түндүк Македония, 2010-жылдан бери Черногория жана 2012-жылдан бери Сербия менен мүчөлүк боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Хорватия — 2013-жылы Евробиримдикке кирген акыркы өлкө. Бул процесс 10 жылга созулган.
Лавров БУУ түзүмдөрүн Украинанын "тынчтык" демилгелерине тартпоону айтты