Кыргызстанда Мамлекеттик соода компаниясы түзүлдү

Буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык ата мекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда Мамлекеттик соода компаниясы түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Компания түзүү максаты — товары өлкө аймагына кирбеген, бирок соода агымына катышкан кыргызстандык компанияларга мониторинг жүргүзүү.
"Буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык ата мекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат. Бул аталган тармакта тартип орнотуу жана финансылык операцияларды көзөмөлдөө үчүн зарыл", — деп жазылат маалыматта.
Чектөө жеке колдонуу үчүн товарга маркетплейстер аркылуу буйрутма бергендерге таасирин тийгизбей турганы кошумчаланды.
Үч жылда өлкөдө акчанын көлөмү 175,1 млрд. сомго көбөйдү. Себеби