Кытайда такшалуу үчүн окумуштууларга сынак жарыяланды. Шарт-талабы

Илимий такшалманы мөөнөтү — 6 айдан 1 жылга чейин.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кытайдын илимий борборлорунда стажировкадан өтүү үчүн окумуштуулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, илимий стажировканын мөөнөтү 6 айдан 1 жылга чейин созулат.
"Кытай тарап окуу чыгымдарын көтөрүп, жатакана менен камсыз кылат. Стипендия дагы бөлүп берүү маселеси каралып жатат. Сынакка илим жана технологиялар аркылуу жакырчылык менен күрөшүүгө аракет жумшаган, айыл чарба, биомедицина, индустриялаштыруу, "жашыл" экономика жана сейсмология тармактарындагы адистер катыша алат", — деп жазылат кабарда.
Талаптар:
катышуучунун жашы 45 жашка чейин болушу керек;
кенже илимий же андан өйдө кызматта иштеген же 5 жылдык илимий иш тажрыйбасы бар;
англис тилин билүү керек.
Сынакка катышуу үчүн 20-октябрга чейин арыз жазуу керек.
Паспорт, диплом, окумуштуулук даражасы жөнүндө документтердин көчүрмөсү, эмгек китепченин көчүрмөсү, илимий эмгектердин тизмеси Касым Тыныстанов көчөсү, 257 дарегиндеги министликтин имаратынын 215-бөлмөсүндө кабыл алынат.
Дизайнерлерге коллекциялык монеталардын эскизин долбоорлоого сынак жарыяланды