Жалал-Абадда үч күн мурда жоголгон наристенин сөөгү табылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында изделип жаткан 3 жаштагы наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аны жергиликтүү тургундар каналдын боюнан таап, милиция туугандарына өткөрүп берген.
Бөбөк 26-сентябрда жоголуп кетен. Аны Жалал-Абад шаары боюнча 11 куткаруучу, 80 жергиликтүү тургун, 40 милиция кызматкери издеп жаткан эле.
Баткенде ажатканага түшүп кеткен бөбөктү куткарып калышты. Видео