Миңдеген адамдар Бишкектин көчөлөрү менен чуркашты! Видео

Кыргызстандын борборунда Snow Leopard Run 2024 бешинчи эл аралык кайрымдуулук жарым марафону өттү.
Sputnik
Жарыш "Ала-Тоо" аянтынан башталып, 4,5 миңге жакын адам катышты. Анда ышкыбоздор да, кесипкөй спортчулар да чуркашты. Жарыштар 5, 14 жана 21,1 чакырым аралыкта өттү.
Балдар үчүн жарыш да уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, Snow Leopard Run 2024 жарым марафонунун максаты спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу гана эмес, Кыргызстандын символу — ак илбирсти сактап калууга көңүл бурдуруу болду.
Тема боюнча:
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык турнирге катышат