Күн жылуу болобу? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу

Келе жаткан аптада айрым аймактарда жаан-чачын болгону менен күн сууктап кетпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет алдыдагы жумада, тагыраагы, 5-октябрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
Ага ылайык, келе жаткан аптада айрым аймактарда жаан-чачын болгону менен күн сууктап кетпейт. Маселен, айрым күндөрү Бишкек менен Баткенде күн 22-24 градус, Ош жана Жалал-Абад шаарларында 25-27 градуска чейин жылыйт.
Бишкекте 2-октябрда жаан жаайт, калган күндөрү күн ачык болот.

Чүй, Талас

Аймактарда жуманын башы 29-30-сентябрда жана 3-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Калган күндөрү тоолуу аймактарда жаан жана кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ош, Жалал-Абад, Баткен

Түштүк аймактарда дагы жуманын башында жана 3-октябрда асман ачык болот. Башка күндөрү тоолуу аймактарда жамгыр, кар жаайт.

Ысык-Көл, Нарын

Ал эми түндүк аймактарда 29-30-сентябрда жана 1-октябрда жаан-чачын жаабайт.
Күн кескин сууктайбы? Октябрга карата аба ырайы