Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Иран БУУнун Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу Ирандын туруктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, мындай сунуш Израилдин Ливанга кол салуусуна байланыштуу жасалган.
"Иран бул агрессивдүү аракеттерди катуу айыптайт. Аймактык жана эл аралык коопсуздук үчүн олуттуу кесепеттерин эске алуу менен Иран Коопсуздук кеңешин Израилдин аракеттерин айыптоого чакырат. Мындан тышкары, Иран Израилдин террордук агрессиясын жана Ливан, ошондой эле жалпы аймактагы мыкаачылыгын кароо үчүн Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрүүгө чакырат", — деп жазылган маалыматта.
Дүйшөмбүдө Израиль аскерлери Ливандагы операциясын баштап, еврей өлкөсүнүн Аба күчтөрү Ливандын бардык аймагына сокку урууда. Бейруттагы аба соккуларынан "Хезболла" уюмунун лидери Хасан Насрулла өлтүрүлдү. Израиль армиясы аталган уюмдун миңдеген объектилерине сокку урганын кабарлады. Байкоочулар 2006-жылдагы Экинчи Ливан согушунан бери "Хезболла" кыймылына мынчалык катуу чабуул жасалбаганын белгилешүүдө.
Өз кезегинде Россиянын Тышкы иштер министрлиги Насрулланын өлтүрүлүшүн айыптап, Израилди ок атууну токтотууга чакырды.
ЦАХАЛ "Хезболланын" лидери эмнеге жок кылынганын айтты