ЦАХАЛ "Хезболланын" лидери эмнеге жок кылынганын айтты

Абал Израилдин Ливандын аймагында кургакта жүрчү операцияга даярданып жатканы тууралуу маалыматынан кийин курчуп кетти.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Израиль Ливандын "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насрулланы Тель-Авивге каршы согуш үчүн курал-жарактын ири запасын камдаганы үчүн өлтүрдү. Бул тууралуу CNN Израилдин Коргоо армиясынын (ЦАХАЛ) подполковниги Питер Лернер таянып билдиргенин РИА Новости жазды.
"Лернер Израилдин Коргоо армиясы аны "бир гана максат — Израиль менен согушуу үчүн курал-жарактын ири арсенлын, 200 миң ракета жана дрондорду даярдаганы үчүн жок кылганын" билдирди", — деп айтылат телеканалдын маалыматында.
Подполковник Израиль 2006-жылдан бери "Хезболланы" байкоо үчүн масштабдуу чалгын аракеттерин көрүп келгенин белгиледи.
Эскерте кетсек, "Хезболла" кыймылы Израилдин авиасоккусунан Бейруттун түштүк аймагында башкы катчысы Хасан Насрулланын каза болгонун тастыктаган.
Өткөн жумадан тарта Израилдин Аба-аскер күчтөрү Ливандын ар кайсы жеринде жайгашкан "Хезболланын" объектилерин сокку урууда. Кыймылдын жогорку кызматтагы командирлери жок кылынды. Байкоочулар Израиль 2006-жылы Экинчи Ливан согушунан бери мындай күчтүү чабуул жасабагандыгын айтышууда.
Ливандын түштүгүндө 90 миңдей тургун үй-жайын таштап чыгып кетүүгө аргасыз болгонун БУУнун гуманитардык маселелерди координациялоо башкармалыгы билдирди.
Ал арада "Хезболла" да Израилдин түндүк тарабына ракеталык сокку урууда.
Абал Израилдин Ливандын аймагында кургакта жүрчү операцияга даярданып жатканы тууралуу маалыматынан кийин курчуп кетти.
Россия менен Түркия “Хезболланын” лидеринин Израиль тарабынан өлтүрүлүшүн айыптады