Бишкекте өткөн "Snow Leopard Run 2024" жарым марафонунан 18 сүрөт

Бишкекте эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафону өттү. Sputnik Кыргызстан даярдаган сүрөт түрмөгүнөн иш-чарадан тартып алынган ирмемдерге көз салыңыз.
Sputnik
Бешинчи ирет өткөрүлүп жаткан жарышка 4500дөй адам катышты. Адаттагыдай эле старт "Ала-Тоо" аянтынан берилди. Жарым марафондо спортчулар жана спортту сүйүүчүлөр 5, 14, 21,1 чакырым аралыкка чуркап өтүштү. Ошондой эле балдар үчүн да жарыштар уюштурулган, иш-чарадагы эң кичинекей катышуучу үч жашта болсо, эң улуусу 78 жашта.
Уюштуруучулар жарыштын максаты спорт жана сергек жашоо образын жайылтуудан тышкары Кыргызстандын символу болгон ак илбирсти сактоого чакырык жасоо экенин билдиришти. Чогулган каражаттын бир бөлүгү сейрек кездешкен жырткычты сактоо программасы менен иштеген уюмдарга берилет.
1 / 18

Жарышка старт салтка айлангандай эле "Ала-Тоо" аянтынан берилди

2 / 18

Мындай жарыш бешинчи ирет өткөрүлүүдө

3 / 18

Ага Бишкектин жашоочулары жана коноктору катышты

4 / 18

Жарым марафондо спортчулар да, спортту сүйүүчүлөр да чуркашты

5 / 18

Бул жылы иш-чарага 4500дөй адам катышты

6 / 18

Жарыш аралыктары 5, 14 жана 21,1 чакырымды түздү

7 / 18

Эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучулары

8 / 18

Эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучулары

9 / 18

Уюштуруучулар иш-чаранын эң кичинекей катышуучусу үч, эң улуусу 78 жашта экенин билдиришти

10 / 18

Мындай массалык түрдө чуркоо 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Учурда ал чуркаганды жактыргандардын сүйүктүү иш-чарасына айланды

11 / 18

Эл аралык "Snow Leopard Run 2024" кайрымдуулук жарым марафонунун катышуучулары

12 / 18

Жарым марафондун жүрүшүндө коопсуздукту тартип сакчылары камсыздашты

13 / 18

"Snow Leopard Run 2024" жарым марафонунун максаты – спортту жана сергек жашоо образын жайылтуу

14 / 18

Катышуучулар үчүн концерттик программа да уюштурулду

15 / 18

Иш-чаранын катышуучуларынын көңүлү ак илбирсти сактоого да бурулду

16 / 18

Чуркагандардын тизмеси жазылган баннерди карап турган киши

17 / 18

Жөө күлүктөр

18 / 18

Жарым марафонго ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер дагы катышты

Тема боюнча:
Миңдеген адамдар Бишкектин көчөлөрү менен чуркашты! Видео