Бишкектин бийлиги шаардыктарга өтүнүч менен кайрылды

Мэрия күндүз жол тыгындын айынан таштандыны тазалап кетүү кыйынчылык жаратарын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаардыктарды кайрадан таштандыны кечки саат 19:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин чыгарууну суранып жатат.
Маалыматта "Тазалыктын" кызматкерлери таштандыны 24:00дөн баштап 06:00гө чейин тазалап кете турганы белгиленди.
"Сиздер эртең менен балдарды окууга жана бала бакчага жеткирүүдө же жумушка баратканда таштап кетип жатасыздар. Ошол үчүн күндүз кечке таштанды челектер толуп турат. Күндүз жол тыгындын айынан таштандыны чогултуп кетүү оорчулук жаратат", — деп жазылган маалыматта.
Мэрия күндүз калаанын бардык жагынан таштандыны чогултуу мүмкүн эмес экенин айтып, "келиңиздер, өзүбүзгө өзүбүз жардам берели" деген.
Мэрия таштанды челектен акыр-чикир чогулткандарга айып салынарын эскертти