Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Конгрессте Зеленскийдин талаптары эми мурдагыдай аткарылбай турганы айтылды

Акыл калчап ойлонбой, аскердик запастарды, 175 миллиард доллар каражатты жыйынтыксыз короткондон кийин Американын Зеленскийге ишеними жоголгону айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Американын Республикачылар партиясы Зеленскийдин АКШга болгон кийинки сапарында анын талаптарын анчейин колдошпойт. Бул тууралуу Юта штатынан сенатор Майк Ли Responsible Statecraft журналына курган маегинде айтканын РИА Новости агенттиги жазды.

"Акыл калчап ойлонбой, аскердик запастарды жана 175 миллиард доллар каражатты эч бир жыйынтыксыз короткон эки жылдан кийин республикачылар Америка коомчулугу сыяктуу эле мындан ары Украинаны колдоону улантуу туура экенинен шек санап калышты. Эми Зеленский кийинки жолу Америкага келгенде анын талаптарын аткарууга көп деле көңүлдөнүшпөйт деп ойлойм", — деген ал.

Ошондой эле сенатор Байдендин администрациясын Киевге АКШнын армиясындагы запастардан бөлүп берген деп айыптады.
"Бул чет өлкөгө жардам катары берүүгө багытталган резервдик запастар эмес. Ал курал америкалык аскерлерге мындан маанилүүрөөк аскердик абалда, тактап айтканда, Индия-Тынч океан аймагында керек болушу мүмкүн болгон куралдар. Бирок Байдендин администрациясы 60 жылдык аракеттерди чачып-төгүп, Украина үчүн биздин аскерий даярдыкты чоң коркунучка кептеди", — деген Ли.
Бейшембиде Зеленский АКШ президенти Жозеф Байден менен Батыштын ыраакка атылуучу ракеталары менен Россиянын тереңдеги аймагына сокку урууга уруксат алуу үчүн жолугушкан. Анткен менен Ак үй сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Киевге бул куралды колдонууга салынган тыюу өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн маалымдаган жок. Жума күнү Politico гезити жеке булактарына таянып Жозеф Байден менен анын кеңешчилери Ураинадагы жаңжалда Зеленскийдин жеңишине ишенбей тургандыгын жазган.
Буга чейин РФ НАТО мамлекеттерине Украинага курал-жарак берип жатканы үчүн нота жөнөткөн. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу максатында жөнөтүлгөн жүктүн кандай гана түрү болбосун, Москва үчүн мыйзамдуу бута болорун эскерткен. Мындай кадамдарды жасап, НАТО от менен ойноп жаткандыгын кошумчалаган. Лавров альянс менен Америка Украинадагы чатакка түз катышып жатканын айтып, муну курал берүүдөн сырткары Улуу Британиянын, Германиянын жана Италиянын аймагында согуштук кадрларды даярдап берип жаткандыгы менен негиздеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Bloomberg: Киевдин союздаштары Москва менен сүйлөшүүгө ыктап бара жатат