Президент Садыр Жапаров "Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюп, республиканын региондорунда 40 машина-трактордук станцияны куруу каралган. Бул тууралуу Улан Букабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, айыл чарба техникаларынын паркы жаңыланып, тиешелүү бардык механизмдер колдонулушу керек.
"Бай дыйкан" компаниясы өлкөдө 15 жылдан бери иштеп айыл чарбаны өнүктүрүүгө салым кошуп келет. Дыйканга тиешелүү бардык жардам көрсөтүлүп жатат. Эми айыл чарба техникасынын паркын жаңылоого көңүл буруп, Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн трактор, комбайн ташылып келүүдө. Президент Садыр Жапаров "Агроөнөр жай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюп, анда республиканын региондорунда 40 машина-трактордук станцияны куруу каралган. Мындан тышкары, Мамлекеттик лизинг компаниясы түзүлүп, жеңилдетилген шартта дыйкандар лизингге айыл чарба техникасын алууга мүмкүнчүлүгү бар", — деди Букабаев.
Ошондой эле ал дыйкандардын агрардык сабаттуулугун жакшыртууга дагы көңүл бурулушу керектигин кошумчалады.