30-сентябрга карата аба ырайы

30-сентябрда республиканын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 19…24, Талас өрөөнүндө 17…22, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 23…28, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15…20 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкекте 22…24, Ош шаарында 26…28 градусту көрсөтөт.
Күн жылуу болобу? Бир жумага карата аба ырайынын божомолу