Театрда улуттук идеологияга басым жасалып, элдин аң-сезимин, көз карашын өзгөртүү үчүн жандуу чыгармалар коюлат. Тилекке каршы, азыркы жаштар спектаклге кызыга беришпейт. Мындай пикирин Жолдош Жанжигит уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда жеке кинолор театрды менеджмент жагынан артта калтырууда.
"Бүгүнкү күндө эң аз каражат менен тартылган жөнөкөй, жеңил-желпи кино деле бюджетинен ашып, өзүн актап жатат. Кино тармагындагы чеберлер социалдык жашоосун оңдоодо. Ал эми театр улуттук идеологияга басым жасап, өзүбүздүн адабиятты, дүйнөлүк классикалык чыгармаларды кыргызчага которуп сахнага алып чыгабыз. Азыркы жаштар спектаклдерге көп кызыга беришпейт экен. Мындан улам чыгым акталбайт. Негизинен театрлардын ишмердиги туура эле багытта бара жатат. Анткени мыкты пьесалар элди тарбиялайт. Театрдын башкы максаты акча табуу эмес. Жандуу чыгарма аркылуу калктын аң-сезимин, көз карашын өзгөртүү, руханий жактан сугаруу жана кыргыздын баалуулуктарын жайылтуу болуп саналат. Эгерде өкмөт өлкөнүн маданиятын өнүктүрүүдө бүгүнкүдөй колдоосун беш жылдай токтотпосо, анда бизде чоң секириктер болот. Соңку жылдары маданиятыбызда ийгиликтер болуп жатат. Моюнга алышыбыз керек", — деди Жанжигит уулу.
Ал ошондой эле театр сүйүүчүлөрүнүн алкышына татый турган спектакль үчүн каражатты аябаш керектигин кошумчалады.