Айына 10 млн. сом түшчү. "Унаа" мекемесинин кызматкерлери кармалды. Видео

Видеодо ортомчу курсантка экзамен алчу киши туура жоопторун өзү акырын айтып турарын эскертип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. УКМК Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен ("Унаа") коррупциялык схема аныктап, ага катышы барлардын баары кармалганын кабарлады.
Билдирмеге караганда, жарандар айдоочулук күбөлүк алуу үчүн ортомчуларга кайрылып, ортомчулар мамлекеттик мекеменин кызматкерлери менен экзаменден ийгиликтүү өткөрүүгө сүйлөшүп, аларга акча берип турушкан.
Видеодо ортомчу курсантка экзамен алчу киши туура жоопторун өзү акырын айтып турарын эскертип жатат.
Атайын кызмат мындай коррупциялык схемадан мекеменин бир эле филиалынан ай сайын мыйзамсыз 10 миллион сомдун тегерегинде акча түшүп турганын кабарлады.
Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча иш козголуп, анын негизинде бул ишке катыштыгы бар дегендин баары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени кошумчаланды.
Мопед айдагандар үчүн айдоочулук күбөлүккө жаңы категория киргизүү каралууда