БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Улуттук банктын соңку маалыматы боюнча (августтун аягына карата), өлкөдөгү банктардагы депозиттердин көлөмү 528 миллиард 557 миллион сомду түздү, анын 304,5 миллиарды улуттук валютада сакталган.
Белгилей кетсек, депозиттердин көлөмү гана эмес, эсептердеги акчалар да эске алынганы белгиленди. Кеп юридикалык жана жеке жактардын, ошондой эле резидент эместердин каражаттары жөнүндө болуп жатат.
Депозиттердин учурдагы көлөмү, тагыраагы, жалпы жана улуттук валютадагы каражаттар Кыргызстандын банк статистикасынын тарыхында экинчи орунда турат. Рекорддук көрсөткүч ушул жылдын июль айынын аягында байкалып, сумма валюталарда 543,5 миллиард жана 305,2 миллиард сом болгон. Анда сом менен салынган депозиттин көлөмү биринчи жолу 300 миллиарддан ашкан.