БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Жайыл районунун Суусамыр айыл аймагына парк куруу пландалып жатканын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, сейил бак болжол менен 48 сотых жерге салынат. Долбоорун Мамкурулуш агенттигинин Жайыл району боюнча башкармалыгы иштеп чыгып, жергиликтүү бийликке сунуштаган.