Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык турнирге катышат

Мелдеш Армениянын Ереван шаарында 28-29-сентябрь күндөрү өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык Cup of the President of the National Olympic Committee of Armenia G.Tsarukyan рейтингдик мелдешине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Билдирмеге караганда, турнир Армениянын Ереван шаарында 28-29-сентябрь күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
Белек Бараканов — 64 килограмм;
Жамалбек Асылбек уулу — 88 кг;
Бекболот Токтогонов 98 килограммдан жогору салмакта беттешет.
Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.
Самбо боюнча курама команда Дүйнө кубогунда 12 медаль тагынды