С.Жапаров Жалал-Абаддагы мунайды кайра иштетүүчү заводду жаңылоого старт берди

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда, Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү “Кыргыз петролеум компани” заводун модернизациялоого капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, “Кыргызнефтегаз” ачык акционердик коому менен “ПетроКыргызстан” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда “Кыргыз петролеум компани” биргелешкен ишканасын түзүү боюнча келишим түзүлдү.
Инвестициянын көлөмү 410 миллион долларды түзөт. Анын 200 миллион долларын инвестор, 110 миллионун өкмөт, калган 100 миллион долларды “Кыргызнефтегаз” бөлөт.

“Буга чейин чөнтөктөн 100 миллион доллар эмес, 100 миллион сом дагы чыгара алган эмеспиз”, — деди президент.

Кыргызстандын бензинге жана дизелдик отунга болгон муктаждыгы 1 миллион 400 миң тоннаны түзөт. Азыр завод аны 6,5 пайызга гана жаап жатат. Модернизациядан кийин бул көрсөткүч 32 пайызга чейин өсүшү керек. Бул жерден ЕАЭБ стандарттарына жооп берген сапаттуу күйүүчү май чыгарылат.
Жапаров АИ-92 жана АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди өндүрүү 12 эседен ашык, ал эми дизелдик отун 40 пайызга көбөйөрүн айтты.
"Жунда" заводу төрт жылдан кийин кайра ишке киргизилди