Кайсы бүтүрүүчүлөргө ишке орношууда артыкчылык берүү сунушталды? Мыйзам долбоору

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Акылман" президенттик лицейинин жана "Эл үмүтү" стипендиясынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жана муниципалдык кызматка конкурстан тышкары киргизилет.
Тиешелүү мыйзам долбоору президент тарабынан демилгеленип, Жогорку Кеңештин сайтына жайгаштырылды.
Ага ылайык, "Акылман" лицейинин бүтүрүүчүлөрү жана "Эл үмүтү" стипендиясынын алкагында чет өлкөдөн билим алгандар мамлекеттик жана муниципалдык кадрлар резервине конкурстан тышкары киргизилет. Ал эми ишке кабыл алууда аларга артыкчылыктар каралууга тийиш.
Мындан тышкары, бул бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик гранттардын эсебинен билим алуу укугу берилет. Чыгымдар толугу менен республикалык бюджеттен төлөнөт.
Радио
Россиялык ЖОЖдор кыргызстандык мугалимдердин квалификациясын жогорулатат