Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболланын" бир нече командирин жок кылганын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Ливандын түштүгүндө "Хезболла" кыймылынын ракета бөлүгүнүн командири Мухаммед Али Исмаил жок кылынганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Командир менен бирге анын орун басары Хусейн Ахмад Исмаил, ошондой эле кыймылдын башка командирлери жана туруктуу мүчөлөрү жок кылынганы айтылган.
РИА Новости агенттиги билдиргендей, жума күнү кечинде Бейрутта арты-артынан онго жакын жардыруу болгон. Кийинчерээк ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэль Хагари Израилдин Аба күчтөрү Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында жайгашкан "Хезболланын" башкы штабына таамай соккуларды урганын билдирген.
БУУда Ливандын соңку мууну апаатка кабылганын айтышты