Израиль "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насрулланы жок кылганын жар салды

Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Ливандын "Хезболла" кыймылынын башкы катчысы Хасан Насрулла уюмдун Бейруттагы башкы кеңсесине жасалган соккудан көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Израилдин армиясына таянып кабарлады.
"Израилдин Ливандын түштүгүнө абадан жасаган соккусунан Хасан Насрулла, "Хезболланын" ракеталык бөлүгүнүн командири Мухаммад Али Исмаил, анын орун басары Хусейн Ахмад Исмаил жана башка бир катар командирлер жок кылынды", — деп айтылат маалыматта.
Жума күнү кечинде Бейрутта арты-артынан онго жакын жардыруу болгон. Кийинчерээк ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэль Хагари Израилдин Аба күчтөрү Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында жайгашкан "Хезболланын" башкы штабына таамай соккуларды урганын билдирген.
Израилдик аткаминер Тель-Авив чабуулдан бир нече мүнөт мурда АКШга сокку жасаганы жатканы тууралуу маалымат бергенин билдирди. Бирок президент Жо Байден Вашингтон бул операция тууралуу билбегенин, ага катышпаганын айтууда.
Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболланын" бир нече командирин жок кылганын айтты