"Хезболла" кыймылы уюмдун лидери Хасан Насрулланын өлүмүн расмий ырастады

Аны жок кылуу үчүн ондогон бомба ташталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. "Хезболла" кыймылы Хасан Насрулланын өлүмүн расмий ырастаганын РИА Новости жазды.
"Хезболланын" баш катчысы Сейид Хасан Насрулла отуз жылдан ашуун убакыттан бери өзү жетектеген шейиттерге кошулду", — деп айтылган уюмдун маалымат кызматы тараткан билдирмеде.
Ал арада Ynet маалымат порталы Израилдин Аба күчтөрү Бейруттун четиндеги жер астындагы бункерге Насрулланы өлтүрүү үчүн ар биринин салмагы бир тонналык 80ден ашык бомбаны таштаганын жазды.
Жума күнү кечинде Бейрутта арты-артынан онго жакын жардыруу болгон. Кийинчерээк ЦАХАЛдын маалымат катчысы Даниэль Хагари Израилдин Аба күчтөрү Бейруттун Дахия районундагы турак үйлөрдүн жанында жайгашкан "Хезболланын" башкы штабына таамай соккуларды урганын билдирген.
Израилдик аткаминер Тель-Авив чабуулдан бир нече мүнөт мурда АКШга сокку жасаганы жатканы тууралуу маалымат бергенин билдирди. Бирок президент Жо Байден Вашингтон бул операция тууралуу билбегенин, ага катышпаганын айтууда.
Израиль Ливандын түштүгүндө "Хезболланын" бир нече командирин жок кылганын айтты