Бишкекте сойкулук кылган деп 50дөн ашык кыз-келин милицияга жеткирилди. Видео

Укук коргоочулар аларга мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте сойкулук менен алектенген деп 50дөн ашык кыз-келин аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Шаардык милиция "Притон" аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн.
"Анда аялдарды жана өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү", — деп жазылган маалыматта.
Укук коргоочулар кыз-келиндерге мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
ШИИБ батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү улантыла турганын кошумчалады.
Ошто сойкулукка мажбурланган 15 жаштагы кыз. ИИМ окуянын чоо-жайын айтты