Бишкектиктер азык-түлүктү жарманкеден дүңүнөн ала алат. Дареги

Жарманке ар дем алыш сайын уюштурулуп турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүп жатканын Айыл чарба министрлиги билдирди.
Мекеме жарманкенин максаты күнүмдүк пайдаланылуучу азык-түлүктөрдү шаар тургундарына дүң баада сатуу экенин белгиледи. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоону көздөй турганын билдирди.
Жарманке ар дем алыш сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулуп турмакчы.
Быйыл өлкөдө эт, сүт, жумуртка жана жүн былтыркыдан көп өндүрүлдү. Статистика