Кайгуул милиция бүгүн Бишкек менен Чүйдө айдоочулар текшерилерин эскертти

Машинаны катуу ылдамдыкта айдаган, мас болуп башкарган, бейбаштык кылгандар жана башка жол эрежесин бузгандар катуу жазаланары эскертилди.
Sputnik
БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бүгүн кечинде Бишкек шаары менен Чүйдүн аймагында Кайгуул милициясы бардык автоунааларды токтотуп текшерет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, мындай рейд жол эрежесин бузгандарды аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлөт.
"Рейддин жүрүшүндө бардык автоунаалар токтотулуп, машинаны катуу ылдамдыкта айдаган, мас болуп башкарган, бейбаштык кылгандар жана башка жол эрежесин бузгандар катуу жазаланат", — деп жазылат маалыматта.
ЖКККББ рейдге журналисттер да чыгарын кошумчалады.
Оштогу "Коопсуз шаардын" камералары эреже бузган жөө адамдарды да тартат