Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Бишкекте сойкулук кылган деп 50дөн ашык кыз-келин милицияга жеткирилди.Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык турнирге катышатСадыр Жапаров иш сапары менен Жалал-Абад облусуна жөнөп кетти алдыда кененирээкПрезидент Садыр Жапаров бүгүн, 28-сентябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы маалымат берди. Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы мунайды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна мезгил кутусун салууга, ошондой эле бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышат.
Кыргызстанда мамлекеттик Соода компаниясы түзүлдү Максаты - товары өлкө аймагына кирбеген бирок соода агымына катышкан кыргызстандык компанияларга мониторинг жүргүзүү. Буга чейин Кыргызстанга товар жеткирбей сырттан соода кылган бардык атамекендик компаниялар эми операцияларды Соода компаниясы аркылуу гана жүргүзүп калат. Экономика министрлиги бул аталган тармакта тартип орнотуу жана финансылык операцияларды көзөмөлдөө үчүн зарыл экенин белгиледи. Чектөө жеке колдонуу үчүн товарга маркетплейстер аркылуу буйрутма бергендерге таасирин тийгизбейт.
Жакында «Нарын» аэропортун ачуу пландалууда. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты. Аба майдандын төрагасы Манасбек Самидинов аэропорттун расмий ачылышына даярдыкты текшерип, инфраструктурага, учуп-конуу тилкесинин абалына жана коопсуздук системаларына баа берилип, эл аралык стандарттарга ылайыктуулугуна көңүл бурулду.«Нарындагы аэропортту жандандыруу Кыргызстандын аймактык авиациясын өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул аэропорттун калыбына келтирилиши жергиликтүү туризмди жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болот. Башка региондор менен түз аба байланышын камсыз кылуу менен өлкөнүн транспорт системасынын олуттуу бөлүгүнө айланаары күтүлүүдө» , — деп айтылат маалыматта.
Бишкекте сойкулук менен алектенген деп 50дөн ашык кыз-келин аныкталып, милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Шаардык милиция "Притон" аталышындагы ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзгөн."Анда аялдарды жана өспүрүмдөрдү соодалоо, порнографиялык продукцияларды чыгаруу жана таратуу менен байланышкан кылмыштарды алдын алууга, сойкулук менен алектенген адамдарды, көмүскө жерлерди, мейманканаларды, сауна жана башка жайларды аныктоого багытталган иштер жүргүзүлдү", — деп жазылган маалыматта. Укук коргоочулар кыз-келиндерге мындай жат көрүнүштөргө тыюу салынганы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. ШИИБ батирлер кандай максатта пайдаланылып жатканын текшерүү улантыла турганын кошумчалады.
Кыргызстандын самбо боюнча курама командасы эл аралык рейтингдик мелдешке катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты. Билдирмеге караганда, турнир Армениянын Ереван шаарында 28-29-сентябрь күндөрү өтөт. Курама команданын тизмеси: Белек Бараканов — 64 килограмм; Жамалбек Асылбек уулу — 88 кг; Бекболот Токтогонов 98 килограммдан жогору салмакта беттешет. Курама команда башкы машыктыруучу Азамат Казакбаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышары кошумчаланды.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫНЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 84 сом 20 тыйынга 1 евро 94 сом 18 тыйынга 1 рубль 90 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 66 сом 90 тыйындан баштап, 67 сом 40 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 74 сом 40 тыйындан 75 сом 40 тыйынга чейин, дизель майы 74 сом 80 тыйындан, 75 сом 30 тыйынга дейре, ал эми унаа газынын литри 37 сомдон сатылууда. АБА ЫРАЙЫ29-сентябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 29-сентябрь, жекшембиде күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүй аймагында +17...+22, Таласта +16...+21, Ош, Жалал-Абад облустарында +21...+26, Баткен өрөөнүндө +20...+25, Ысык-Көл кылаасында +13...+18, Нарын жергесинде +14...+19 градус жылуу болот.Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +18...+20, Ош шаарында +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.