Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кайгуул милиция бүгүн Бишкек менен Чүйдө айдоочулар текшерилерин эскерттиБишкектиктер азык-түлүктү жарманкеден дүңүнөн ала алатСадыр Жапаров жалаа жабууга байланыштуу мыйзам долбоору боюнча үн каттыалдыда кененирээкӨлкө башчы Садыр Жапаров ЖМК жана интернет аркылуу жалаа жабуу, мазактоого айып салган мыйзам долбоору боюнча "Кабар" агенттигине маек курду." Бул мыйзамды Маданият министрлиги сунуштаган экен. Мен кечээ соцтармакта талкуу болуп жаткандан кийин билдим. Менин оюмча, аны кайра чакыртып алыштын кереги жок. Анткени бул азырынча долбоор гана. Депутаттар, ЖМКлар сунуштарын айтып, алымча-кошумча кылышсын. Мен дагы 100 миң, 200 миң айып салуу дегенге каршымын. Муну парламенттин кароосуна коюш керек. Канча айып пул салыш керектигин депутаттар чечет", - деди Жапаров.Буга чейин Маданият министрлиги ЖМК менен интернетте жалаа жабуу, мазактоого жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салууну сунуштап, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизген. Президент туура эмес маалымат тараткандарга мындай өлчөмдө (100, 200 миң) айып салууга каршы экенин айтып, бирок бул мыйзам керек экенин белгилеген.
Бүгүн кечинде Бишкек шаары менен Чүйдүн аймагында Кайгуул милициясы бардык автоунааларды токтотуп текшерет. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, мындай рейд жол эрежесин бузгандарды аныктоо жана алдын алуу максатында жүргүзүлөт. "Рейддин жүрүшүндө бардык автоунаалар токтотулуп, машинаны катуу ылдамдыкта айдаган, мас болуп башкарган, бейбаштык кылгандар жана башка жол эрежесин бузгандар катуу жазаланат", — деп жазылат маалыматта. ЖКККББ рейдге журналисттер да чыгарын кошумчалады.
«Асман аба жолдору» мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учту. «Манас» аба майданынын басма сөз кызматы кабарлагандай, билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: Супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана Флекс эконом — 5000 сом. Ош шаарынан тышкары, Жалал-Абад шаарына 28-сентябрдан, Баткенге 3-октябрдан баштап уча баштайт. Авибилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга билет сатуу убактылуу токтотулганы кабарланды.
Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтүп жатканын Айыл чарба министрлиги билдирди.Мекеме жарманкенин максаты күнүмдүк пайдаланылуучу азык-түлүктөрдү шаар тургундарына дүң баада сатуу экенин белгиледи. Ошондой эле ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоону көздөй турганын билдирди. Жарманке ар дем алыш сайын саат 9:00дөн 18:00гө чейин Токомбаев жана Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилиштеринде уюштурулуп турмакчы.
Израиль армиясы Ливандагы "Хезболла" кыймылынын лидери Хасан Насрулланы жок кылганын жар салды "Хезболланын" Бейруттагы башкы кеңсесине абадан сокку кечээ урулган. Чабуулду телефон аркылуу Нью-Йорктогу премьер-министр Биньямин Нетаньяху бекиткен. Израиль Ливандын түштүгүндөгү аба соккулары учурунда "Хезболланын" ракеталык бөлүгүнүн командири Мухаммад Али Исмаилди, анын орун басары Хусейн Ахмад Исмаилди жана башка бир катар командирлерди жок кылганын кабарлады.