ЖККУнун ТИМ башчылары БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясынын алкагында жолугушту

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 26-сентябрь күнү БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында ЖККУ мамлекеттеринин ТИМ башчыларынын жумушчу жыйынына катышты. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Маалыматта жыйын Казакстандын төрагалыгы менен өткөнү айтылат.
"Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУга мүчө мамлекеттердин БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагындагы артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду", — деп жазылган кабарда.
Мындан тышкары, жыйында аймактык жана эл аралык коопсуздуктун актуалдуу маселелерин, ошондой эле ЖККУнун уставдык органдарынын алдыдагы жыйындарына даярдыктын жүрүшү талкууланган.
Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан "Асман" шаары тууралуу айтып берди