Дизайнерлерге коллекциялык монеталардын эскизин долбоорлоого сынак жарыяланды

Алар алтын, күмүштөн жасалып, "Тушоо кесүү" жана "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" темаларында чыгарылат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын коллекциялык монеталарынын эскизинин долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн сүрөтчү-дизайнерлерге сынак жарыялады. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, монеталар 2025-жылы "Кыргыздын салттары жана үрп-адаттары", "Тарыхый окуялар" серияларында чыгарылат.
Алар алтын жана күмүштөн жасалып, "Тушоо кесүү" жана "Эгемен Кыргыз Республикасына 35 жыл" темаларын камтыйт.
Банктын маалыматына ылайык, коллекциялык монеталардын эскиздеринин долбоорлору берилген теманы толук ачып берүүгө жана төмөнкү критерийлерге туура келүүгө тийиш:
берилген темага шайкеш келүү;
жогорку деңгээлде көркөм аткаруу;
маданий жана эстетикалык ченемдерге туура келүү;
чыгармачылык.
Сынактын толук шарты менен таанышууга болот. Катышууну каалагандар коллекциялык монеталардын эскиздерин ушул жылдын 5-декабрына чейин тапшырышы керек.
Кошумча маалыматтар 0312 66 92 26, 0312 66 92 25 телефон номерлери аркылуу берилет.
Өлкөдө жыл сайын "40 райондон 40 китеп" адабий сынагы өткөрүлөт