Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев Тамчыда беш жылдыздуу "Хан-Теңири" мейманканасынын курулушуна капсула салды.
Анын айтымында, инвестиция көлөмү 160 миллион долларды түзөт. Минкаб төрагасынын орун басары саясий жана экономикалык туруктуулук, тартип орнотуунун жана коррупцияга каршы күрөштүн аркасында өлкөгө ири инвесторлор келип жатканын белгиледи.
"Мамлекетти ороп, чырмап алган уюшкан кылмыштуу топтор, мамлекеттик кызмат аркылуу байыган, чөнтөгүн ойлогон аткаминерлер жок болду", — деген УКМК төрагасы.
Ташиев инвесторлор жакында Жалал-Абад облусуна да барарын айтып, ал жакта эл аралык аэропорттун жана 400 миллион долларга мунайды кайра иштеткен заводдун курулушу башталарын кошумчалады.
Пресс-борбор
"Росатом" өлкөдө 1,5 миллиард долларлык долбоорлорду ишке ашырууну пландоодо