SputnikPro: журналисттерге санариптик медиада лидер болууга жардам берет

Эксперттер катышуучуларга социалдык тармактарда иштөө, видео тартуу, монтаждоо, журналисттин ишмердүүлүгүнүн укуктук жана этикалык аспектилери тууралуу айтып беришти.
Sputnik
Sputnik, Михаил Воробьев. "Зубовскийдеги SputnikPro" программасынын 2024-жылдагы жыйынтыктоочу модулу 23-27-сентябрда Москвада "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун имаратында өттү.
Жакынкы чет мамлекеттердин журналисттери жана блогерлери мыкты адистер менен баарлашып, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн колдонушту.
1 / 3

"Зубовскийдеги SputnikPro" программасынын 2024-жылдагы жыйынтыктоочу модулу 23-27-сентябрда Москвада "Россия сегодня" эл аралык медиатобунун имаратында өттү

2 / 3

Жакынкы чет мамлекеттердин журналисттери жана блогерлери мыкты адистер менен баарлашып, кесиптик чеберчиликтерин жогорулатуунун уникалдуу мүмкүнчүлүгүн колдонушту

3 / 3

Бул жолу Россиянын борборуна модулга катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандан үчтөн, Беларустан жана Кыргызстандан экиден, Азербайжан менен Түштүк Осетиядан бирден, жалпы 12 адам келди

Бул жолу Россиянын борборуна модулга катышуу үчүн Казакстан менен Өзбекстандан үчтөн, Беларустан жана Кыргызстандан экиден, Азербайжан менен Түштүк Осетиядан бирден, жалпы 12 адам келди.
Алардын жарымы программага биринчи жолу, калгандары, мисалы, блогер Алмазбек Өмүрзаков жана Dostuk.media маалымат агенттигинин кабарчысы Ольга Долженкова экинчи ирет катышууда.
Программанын катышуучуларынын алдында сүйлөгөндөрдүн арасында медиатоптун башкы редакторунун орун басары Наталья Лосева, аткаруучу директору Кирилл Вышинский жана теле алып баруучу Армен Гаспарян бар.
Эксперттер конокторго telegram-каналдарды түзүү жана колдоо, социалдык тармактарда иштөө, видео тартуу, монтаждоо, журналисттин ишмердүүлүгүнүн укуктук жана этикалык аспектилери тууралуу айтып беришти.
РИА Новости агенттигинин тажрыйбалуу фотожурналисти Сергей Бобылев катышуучуларга өзүнүн эң ийгиликтүү кадрларын көрсөттү. Ал спорттук иш-чараларда, анын ичинде суу астында жана президенттин инаугурациясында колдогу камера менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү менен бөлүштү. Ага көбүнчө экстремалдык шарттарда, мисалы, атайын операциянын аймагында, Карабахта, Крокустагы террордук чабуул учурунда иштөөгө туура келген.
Долбоордун жетекчиси Павел Андрюшин "Зубовскийдеги SputnikPro" иш-чарасынын катышуучуларына сахналарды жана жасалгаларды түзүү жана башкаруу үчүн VR-технологияларын колдонгон виртуалдык студияны сынап көрүү мүмкүнчүлүгүн берди. Ал коомдук-саясий программаларды, аба ырайын жана жаңылыктарды жасоо үчүн колдонулат.
Жасалма интеллект темасы дагы талкууланды. Катышуучулар үчүн бул жаңылык деле эмес. Эгер бир жыл мурун көптөр бул технология жөнүндө биринчи жолу укса, азыр аны колдонууда чоң тажрыйбага ээ. Коноктор терминдерди жана кээ бир нейрон тармактарынын жакшы-жаман жактарын билишет. Алар өз тажрыйбасы менен дагы бөлүштү.

"Былтыркы сабактардын аркасында мен ChatGPT жана башка нейрон тармактарын колдоно баштадым. Контенттин сапатын жакшыртып, катталуучулардын санын көбөйтө алдым. Бул жолу мен Midjourney жана Telegram-каналдагы чат-боттор жөнүндө көбүрөөк билдим", — деди Алмазбек Өмүрзаков.

Модулга экинчи ирет катышып жаткандар өткөн жылы Москвага болгон сапары алардын ишин жемиштүү кылып, жеңилдеткендигин да белгилешти. Көпчүлүгү журналистиканы жаңыча карап, ишке болгон мамилесин өзгөртүшкөн.
"Телеграм каналын нөлдөн баштап иштеп чыгуу кыйын. Ошондуктан мен бул темага байланыштуу нерселердин баарын кылдаттык менен жазып алам. Буга чейин спикерлер айткан нерселердин көбүн колдонуп, жакшы натыйжага жеттик", — деди Долженкова.
Кирилл Вышинский Sputnik кабарчысы менен болгон маегинде Россия постсоветтик мейкиндикте медиа жана медиатехнологияларды өнүктүрүүдө флагман экенин белгиледи.
"Кесиптештер жаңы технологияларды жана тенденцияларды көрүп жатышат. Алар компетенттүү жана тажрыйбалуу", — деди ал.
"Зубовскийдеги SputnikPro" долбоору 2023-жылы уюштурулган. Анын алкагында чет элдик коноктор Москвага окууга чакырыла баштады. Андан бери беш күндүк лекциялар, мастер-класстар жана практикалык көнүгүүлөрдү камтыган сегиз модул өткөрүлдү. Эки жылдын ичинде эле аларга 64 студент катышып, 32си долбоордун эки мезгилинде тең окуудан өтүштү.
Пресс-борбор
Соцтармакты "жарган" видеолор кантип даярдалат. SputnikPro долбоорунан сүрөттөр