Саксынган илбирс, элтейген улар. Салкын-Төрдөн тартылган сүрөттөр

Камераларды "Глобалдык жана жергиликтүү өнөктөштүк" коомдук уюму орноткон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Нарын облусунун аймагындагы Салкын-Төр мамлекеттик жаратылыш паркына орнотулган фотокапкан жай айларында илбирс баштаган бир нече жапайы жаныбарларды тартып калган.
Бул сүрөттөрдөн Нарынды байырлаган илбирстерди, суурду, түлкүнү, тоо эчкилерди, уларды, тоо куштарын көрүүгө болот. Саксына караган илбирстер, энесин ээмп жаткан улак, элтее калган улар жана башка жандыктар көргөндөрдү кайдыгер калтырбайт.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен жыйырмага жакын камера июнь айында коюлгандыгын билдиришти.
Аларды "Глобалдык жана жергиликтүү өнөктөштүк" деп аталган коомдук уюм орноткон.
Тоо текенин этин аймаган ак илбирс. Фотокапканга түшүп калган жырткыч