Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: АКШда РФтин түпкүрүнө сокку урууга жол берилсе жооп катуу болору айтылууда

Зеленский мурдараак Украинага Батыштын куралдары менен Россияга чабуул коюуга уруксат берүүнү талап кылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. АКШнын чалгын кызматы Россия эгерде анын аймагына сокку урууга уруксат берилсе кайтара турган жообу олуттуу болот деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости New York Times басылмасына шилтеме кылып кабарлады.
"Чалгындын мурда айтыла бербеген маалыматтарына караганда, согуштун жүрүшүндө алыска атылуучу ракеталарды пайдалануунун таасири азаят. Бул Украина аталган куралды анча көп колдоно бербегенден улам болот. Мындан сырткары, Батыштагы союздаштар дагы канчага чейин берип тура алышары да маселе", — деп айтылат макалада.
Басылма белгилегендей, АКШ президенти Жозеф Байдендин жакын кеңешчилери Россиянын жообу оңбогондой катаал болорун айткандыктан, талдоочулар да анын кесепеттерин эсептей албай мындай чечимден чочулашууда.
"Маселенин мындай өңүтү Байденге бул чечимди кабыл алуу эмнеге оңойлукка турбагандыгын жана эмне үчүн Зеленскийдин өтүнүчүнө "жок" дегенге мажбур болгондугун түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
Зеленский мурдараак Украинага Батыштын куралдары менен чабуул коюуга уруксат берүүнү талап кылган.
АКШда сапар менен жүргөн Зеленский кечээ, 26-сентябрда, Байден менен жолуккан. Анткен менен президент сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгынан кийин Киевдин алыска атылуучу куралдар боюнча чечимдин өзгөргөндүгүн айткан жок.
РФ лидери Владимир Путин НАТО өлкөлөрү Батыштын алыска атылуучу куралдарын Киевдин колдонушун эле эмес, Украинадагы согушка түз катышуу боюнча чечимди талкуулап жаткандыктарын айткан. Мындай нерсе согуштун өзөгүн өзгөртпөстүгүн, Россия түзүлгөн мындай кооптуу кырдаалдан улам тиешелүү чечим кабыл алууга мажбур болорун кошумчалаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков өлкө башчынын билдирүүсү так, даана айтылганын, сөз ээсин табарын белгилеген.
Шаршемби күнү Путин өзөктүк кырдаалды кармап туруу (абалды көзөмөлдөп туруу) боюнча Коопсуздук кеңешинин жыйынында Москва тарабынан бул куралды колдонуу шарттарын тактоону сунуштады. Документтин жаңыланган редакциясында Россияга каршы өзөктүк куралы жок мамлекеттин андай куралы бар мамлекеттин катышуусу же колдоосу менен болгон агрессиясы алардын биргелешкен кол салуусу катары каралары айтылган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи: Россиянын тереңине сокку урууга жол бербөөгө АКШнын акылы жетсе керек