Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүнө сөөк коюу токтотулду

Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. 30-сентябрдан тарта Бишкек шаарындагы Ата-Журт жана Тынчтык конуштарынын ортосунда жайгашкан Новопавловка мусулман-христиан көрүстөнүндө маркумдарды жерге берүү иштери токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Мындай чечим Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын, ошондой эле Бишкек шаарынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун корутундуларынын негизинде чыгарылган.
Маркумдардын сөөгүн коюу Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Гроздь айылындагы шаардык көрүстөндө жүргүзүлөт.
Радио
Мыйзамдын автору крематорийлер эмне үчүн курулушу керектигин түшүндүрдү