Новак: дүйнө глобалдуу энергетикалык тартыштыкка жакындады. Видео

Соңку 10 жылда дүйнөлүк энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талап кескин өсүп жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Дүйнө салттуу энергетикалык ресурстарга инвестициялардын азайышынан улам глобалдуу энергетикалык тартыштыкка жакындап калды. Бул туурасында Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Александр Новак Россиянын энергетикалык жумалыгында сүйлөп жатканда айтты.
Маалыматты Sputnik Ближнее зарубежье жарыялады.
Соңку 10 жылда дүйнөлүк энергетикалык ресурстарга болгон суроо-талап 13-14 пайызга өстү жана алдыдагы 20 жылда дагы 25 пайызга өсүшү мүмкүндүгү айтылды.
Күн жана шамал сыяктуу жаңылануучу энергиянын булактары учурдагы энергетикалык бардык муктаждыктарды камсыздай албайт. Ушуга байланыштуу дүйнөдө атомдук энергетикага болгон суроо-талап өсүүдө.
Энергия көп пайдаланылып жаткан азыркы учурда өндүрүш боюнча жаңы бир топ курулуштарды салууга умтулуу керек. Алардын ресурстарды казуу жана кайра иштетүү жаатында болору айтылды.
"Биз азыр дүйнөдөгү энергетикалык кубаттуулук тартыш болуп жаткан учурду кое берип жибербешибиз керек. Бүгүнкү күндө негизги инвестиция энергиянын жаңыланган булактарына гана келип жаткандыктан улам кооптуулук баары бир бар", — деген РФтин вице-премьери.
Батыш атаандаштыкка туруштук бере албай бут тосууда. Путиндин сөзү