Лавров БУУ түзүмдөрүн Украинанын "тынчтык" демилгелерине тартпоону айтты

Лавров эл аралык уюмдун башчысы менен Башкы ассамблеянын жогорку деңгээлдеги сессиялар аптасында жолуккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерришти Украинанын жалган кыйкырыкка толгон "тынчтык" демилгелерине аталган уюмдун кызматкерлерин катыштырууга жол бербөөгө чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Лавров Гутерриш менен БУУнун Башкы ассамблеянын жогорку деңгээлдеги сессиялар аптасында жолуккан.
"Министр дагы бир жолу БУУнун Катчылыгынын жетекчилиги жана бардык кызматкерлердин бейтараптуулукту, калыстыкты сактоо принциптерин так аткаруусу маанилүү экендигин баса белгиледи. Анын ичинде Киев режими жасаган кылмыштарга карата иштерди да айтты", — деп жазган агенттик.
Басылма Гутерришке БУУнун өкүлдөрүн украин кризисине байланыштуу саясий мүнөздөгү жалган тынчтык демилгелерине аралаштырбоо талабы олуттуу жолдонгонун да жазды.
Путин эмнеге БУУнун Башкы Ассамблея жыйынына барбай турганын Кремль түшүндүрдү