Радио

Россиялык ЖОЖдор кыргызстандык мугалимдердин квалификациясын жогорулатат

Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Элмира Сатышева өлкөдө мугалимдердин чеберчилигин өркүндөтүү боюнча бардык шарттар каралганын айтты.
Sputnik
Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү өтүүдө. Анда Россиянын жогорку окуу жайлары кыргызстандык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу сунушун берип, мындан ары тыгыз кызматташуу болорун Элмира Сатышева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти Россиянын, Казакстандын окуу жайлары менен Кыргызстандын билим берүү мекемелеринин кызматташуусу үчүн аянтчаларды түзүүгө даяр.
"25-сентябрда Борбор Азия өлкөлөрүндөгү евразиялык билим берүүнүн VIII эл аралык көргөзмөсү башталды. Иш-чара Бишкек, Токмок, Кара-Балта жана Каракол шаарларында, ал эми ноябрда Кыргызстандын түштүгүндө өтөт. Мектеп окуучулары Россиянын алдыңкы университеттеринин сунуштары менен тааныша алышат. Мындай мүмкүнчүлүк жыл сайын болуп келет. Мисалы, биз ата-энелер үчүн да аянтча түзүп, маалыматтык кампания уюштуруп жатабыз. Бул көргөзмөдө бир катар жакшы сунуштар болду. Россиянын жогорку окуу жайлары кыргызстандык мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иш алып бара турганын айтышты. Негизи биздин департамент мындай сунуштарга ачык жана кызматташууга даяр. Анткени биз мугалимдин чеберчилигин, билимин өнүктүрүү үчүн бардык аракетти көрүп жатабыз", — деди Сатышева.
Ошондой эле ал Кыргызстанда табигый илимдер багытындагы адистерге муктаждык жогору экендигин кошумчалады.