Улуттук банк онлайн-насыя берүүдө "ойлонуу мөөнөтүн" белгилөөнү сунуштады

Насыя алууга тапшырык түшкөндөн кийин акчаны которууга чейин "ойлонуу" мөөнөтү өтүшү керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Улуттук банк аралыктан насыя берүүдө акчаны которуу мөөнөтүн аныктоону сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Чара алдамчылар менен күрөшүү максатында көрүлүүдө. Сунушка ылайык, насыя каттоого тапшырык түшкөндөн баштап акчаны которууга чейин мөөнөт өтүшү керек.
Банктар үчүн төмөнкүдөй мөөнөт каралууда:
50 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек;
100 миң сомго чейин — 6 саат;
100 миң сомдон өйдө — 24 саат.
Микрофинансылык уюмдар үчүн:
15 миң сомго чейин насыя алууда — 3 саат убакыт өтүшү керек;
15 миң сомдон жогору — 24 саат.
Ошондой эле финансылык мекеменин кызматкери белгиленген убакыттан кийин кардарга телефон чалып кайрылууну тастыкташы керектиги белгиленген.
Кыргызстанда насыянын көлөмү 300 млрд. сомго чукулдады