Кыргызстандын тарыхый рекорду. Видеоинфографика

Былтыр Кыргызстан менен Россиянын экономикалык мамилесинде маанилүү окуя болду. Өз ара товар жүгүртүү үч миллиард доллардан ашты.
Sputnik
Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин көп нерсени, анын ичинде башкы союздаш — Россия менен мамилени башынан курууга туура келди.
1994-жылдан тарта товар алмашуу 162 миллион долларды түзгөн. Токсонунчу жылдары эки өлкөнүн экономикасы тең очорулуп турду... Ал эми 2001-жылы соода жүгүртүү 147 миллион долларга чейин түшүп кеткен.
Анткен менен 2000-жылдардан тарта кескин жогорулоо байкалып, 2007-жылы тарыхый деңгээлине — 1 миллиард долларга жетсе, 2012-жылы 3 миллиардды чапчыды.
2023-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар алмашуу 3 миллиард 200 миллионго жетти. Муну эки мамлекеттин экономикалык алакасындагы тарыхый рекорд деп атоого болот.