"Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда

Жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 3

"Нарын" аба майданында капиталдык ремонт бүтүп, ачууга даярдалууда. Бул тууралуу "Манас" аэропортунун маалымат кызматынан кабарлашты

2 / 3

Билдирүүгө ылайык, жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан

3 / 3

"Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэропортту ачуу аймактын аба-транспорттук түйүнүн жандандырып, туризмди, сооданы жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айткан

Билдирүүгө ылайык, жумушчу комиссия инфраструктуралык объектилерди, учуп-конуу тилкесин, жабдууларды жана коопсуздукту камсыздоо системаларын көрүп чыккан.
"Манас" аэропортунун директору Манасбек Самидинов аэропортту ачуу аймактын аба-транспорттук түйүнүн жандандырып, туризмди, сооданы жана экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү роль ойной турганын айткан.
Аймактагы аба майдан жакында расмий ачылат.
"Манас" аэропорту ички каттамдардын билети эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдү