Аэропорттогу унаанын багажынан сөөк табылган окуя. Шектүү колго түштү

Шектүү Россиядан экстрадицияланып, ага козголгон кылмыш иш соттук кароого жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Киши өлтүрүп, каракчылык кылган адам Россиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүү кеминде эки кылмышка тиешеси бар экени аныкталган.
"2019-жылы ок атуучу курал менен Ош шаарынын Кулматов көчөсүндө М. Н. аттуу жаран сабалып, ур-токмокко алгандар окуя болгон жерден качып кетишкен. Ошол эле жылдын 23-октябрында "Манас" аэропортунун унаа токтотуучу жайындагы машинанын багажнигинен колу-буту байланган, дайынсыз жоголгон кишинин сөөгү табылган. Ал ири суммадагы акча каражатын ташып жүргөнү аныкталган. Кылмышка Ош шаарынын А.М. аттуу 33 жаштагы тургунунун тиешеси бар экени белгилүү болгон", — деп айтылат маалыматта.
Шектүү Россиядан экстрадицияланып, "Каракчылык", "Адам өлтүрүү" жана "Уюшкан кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча айыпталып, иш соттук кароого жөнөтүлгөн.
Кантта топ кишилер мушташып, ок атылды