Дары-дармектин кымбатташы: "Кыргыз фармация" ишканасы текшерилди

Министр "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Элдик" депутаттык тобунун жыйынында дары-дармектин баасы боюнча маалымат берип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. УКМК менен Эсеп палатасы "Кыргыз фармация" ишканасы текшерилгенин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңеште билдирди.
Буга чейин депутат Элдар Абакиров дары-дармектин баасы 40 пайызга чейин кымбаттаганын айткан.
Бейшеналиев мамлекеттик ишкана жергиликтүү дары-дармек чыгаруучулар менен келишим түзүп, аларга жеңилдиктер каралганын айтты.
"Биз дары-дармекти жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алчубуз. УКМК менен Эсеп палатасы текшергенде дары-дармекти жергиликтүү фармацевтикалык ишканалардан келишим менен сатып алуубузду айткан. Бирок чет өлкөдөн 9 сомдон келчү дарылар жергиликтүү өндүрүшчүлөрдө 27 сомдон сатылат. Бул боюнча текшерүүдөн кийин президентке маалымат бердим. Эгерде чет элдик өндүрүүчүлөрдөн дары-дармек сатып алсак 73 миллион сом үнөмдөлөт, ал эми медициналык жабдууларды сатып алуудан 47 миллион сом үнөмдөлөт", — деди Бейшеналиев.
Министр жергиликтүү өндүрүшчүлөрдөн гана дары-дармек сатып алуу буйругу чыккандан кийин баа 40-50 пайызга көтөрүлгөнүн кошумчалады.
Биоактивдүү кошулмалардын башаламан сатылганы кооптуу. Адистин маеги